Кыргызстанда эгиз жана үч эмдер көп төрөлө баштады

Коом 0

Бишкек, 20.05.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Кыргызстанда эгиз жана үч эмдер көп төрөлө баштады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитеттен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы 1298 эгиз жана 14 үч эм төрөлгөн. Ал эми 2022-жылы 1001 эгиз жана 4 үч эм жарык дүйнөгө келген.

Статком Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматтарына таянуу менен белгилегендей, төрөттөрдүн ортосундагы эки жылдан аз убакытты түзгөн учурда балдардын төрөлүшүнүн үлүшү 33,5%дан ашкан. Ал эми аралыгы үч жылды түзгөндөр 42,1%га жакындаган.

2023-жылы республикада жалпысынан 146 миңге жакын аял эне макамына ээ болду. Биринчи баласын төрөгөндөгү энелердин орточо жашы 23-24 жаштын тегерегин түзөт.

2000-жылдан бери Кыргызстанда төрөттүн өсүп жатканы байкалууда. 15-49 жаштагы бир аялга орто эсеп менен 3 бала туура келет. Бул өлкөдө калктын кеңири көбөйүшүн камсыз кылуу үчүн жетиштүү.
Былтыр көз жаргандардын орточо жаш курагы мурунку жылга салыштырмалуу бир аз төмөндөп, 28,3 жашты түздү. 2022-жылы бул көрсөткүч 28,4 жаш болчу.

Белгилей кетсек, республика боюнча 2024-жылдын 1-январына карата 3 млн 619 миң аял бар же алар калктын жалпы санынын 50,5%ын камсыздады. Мында шаарларда 1 млн 311 миң аял, айыл жергесинде 2 млн 308 миң аялдын жашай тургандыгы такталды.

Пикир

Оставить комментарий