• 84.24
  • 93.53
  • 0.91

Кыргызстанда эки жылга жайыттарды колдонууга чектөө киргизилет

Коом 0

Бишкек, 01.10.24. /Кабар/. Кыргызстанда эки жылга жакынкы жайыт жерлерди колдонууга чектөө киргизилет.

“Кабар” агенттигине Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, жакынкы жайыттар интенсивдүү пайдаланылып жаткандыгына байланыштуу министрлик жергиликтүү мамлекеттик органдарга жакынкы жайыт жерлерине мал жаюуга чектөө киргизүүнү сунуштады. Чектөөлөр 2025-жылдын 15-апрелинен 15-сентябрына чейин созулат, андан ары ушул 5 айлык чектөө 2027-жылга чейин киргизилип турат.

Ведомстводон кошумчалашкандай, бул өз кезегинде жайыттарды жакшыртууга жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга түрткү берет.

Мисалы, бузулган жайыттарды калыбына келтирүү максатында жергиликтүү бийлик өз каалоосу боюнча белгилүү бир аянтты мал жаюуга жабат, анан кийинки жылы дагы бир жерди жаап, орун алмаштырылат.

Пикир

Оставить комментарий