• 87
  • 89.63
  • 0.85

Кыргызстанда Эл аралык тоолор күнү белгиленүүдө

Коом 0

Бишкек, 11.12.24. /Кабар/. Бүгүн Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде "Климаттын өзгөрүү шарттарындагы тоолуу аймактардын биологиялык ар түрдүүлүгү" темасында конференция өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, аэкология жана техникалк көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Конференцияга президенттин тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерди ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова, министрдин орун басары М. Аманкулов, чакырылган коноктор жана министрликтин кызматкерлери катышты.

"Кыргызстан тоо күн тартибин эл аралык аянтчаларга жылдырууда алдыңкы позицияда турат", – деген Аманкулов өлкөнүн 94% аймагын тоолор ээлеп, аларды коргоону улуттук артыкчылыкка айландырарын эске салды.

Иш-чарада Кыргызстан тоо күн тартибин алга жылдырууда лидер өлкө катары негизги ийгиликтери белгиленди, атап айтканда:

  • Кыргызстан тарабынан демилгеленген БУУнун "Тоону туруктуу өнүктүрүү" резолюциясын кабыл алуу (2022-жылдын декабры), ал 2023-2027-жылдарды тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы деп жарыялаган;
  • "Жашыл Мурас" улуттук кампаниясынын алкагында эки жылдын ичинде 8,1 миллиондон ашык бак-дарак, анын ичинде жетүүгө кыйын тоолуу аймактар отургузулган. Жыл сайын мөңгүлөрдү глобалдык жылуулуктан коргоо үчүн 5-6 миллион көчөт отургузуу пландалууда;
  • Коргоо уюму программасына катышуу жана Бишкек декларациясынын 10 жылдыгы, 2013-жыл – Кыргызстанды ак илбирсти жана анын экотутумун сактоо жылы.

Министр өлкөнүн улуттук символу катары жарыяланган ак илбирсти сактоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

"Бүгүн Ак илбирстин тагдырын талкуулоодо биз өлкөбүздүн жана анын келечеги үчүн өтө маанилүү маселелерди козгойбуз", – деди ал. Бул уникалдуу түрдү сактоодогу ийгиликтер туруктуу өнүгүү жаратылышка жоопкерчиликтүү мамиле кылуу принциптеринде гана мүмкүн экенин көрсөтүп турат.

Пикир

Оставить комментарий