Кыргызстанда "Эл үмүтү" стипендиясына документтерди кабыл алуу башталды

Билим 0

Бишкек, 19.05.23. /Кабар/. КР президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сынакка мыкты 100 университеттин тизмесине кирген ЖОЖго академиялык окууга кабыл алынгандыгын тастыктаган жарандар катыша алат.

"Документтерди онлайн кабыл алуу үстүбүздөгү жылдын 1-июнунан 30-июнуна чейин жүргүзүлөт. Андан тышкары, документтердин оригиналын министрликтин 3-кабатында жайгашкан 317-кабинетке тапшыруу керек", - деп айтылат маалыматта.

Сынакка катышуу шарттары тууралуу кененирээк сайттан тааныша аласыз.

Пикир

Оставить комментарий