• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда электрондук коммерция боюнча эл аралык форум өтөт

Экономика 0

Бишкек, 10.07.24. /Кабар/. Кыргызстанда электрондук коммерция боюнча эл аралык форум өтөт. Бул тууралуу "Табарман" бизнес-платформасынын башкы директору Марсель Салахунов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, иш-чара 26-28-июлда Ысык-Көл облусундагы Корумду айылында өтмөкчү. Ага электрондук соода аянтчаларынын өкүлдөрү, Казакстан, Өзбекстан жана Түркиянын ишкерлери катышат. Эл аралык форум ишкерлердин товарларды онлайн сатуу деңгээлин көтөрүү максатында уюштурулууда.

"Форумда электрондук коммерциянын артыкчылыктары жана мүмкүнчүлүктөрү талкууланат. Тышкы соода алакаларын кеңейтүүдө товарларды онлайн сатуунун өзгөчөлүктөрүнүн маанилүүлүгү боюнча тажрыйбалуу ишкерлер жана адистер иш-чаранын аянтчасы аркылуу сунуш-пикирлери менен бөлүшөт. Форум Wildberries, Ozon, Alibaba соода аянтчаларынын жана Кыргызстандын тигүү цехтеринин өкүлдөрүнүн башын бириктирип, пайдалуу байланыштарды түзүүгө жардам берет", - деди ал.

Ошондой эле "Кыргыз почтасы" ААКтын башкы директорунун орун басары Уулжан Масиянова эл аралык иш-чарага Азербайжан, Армения, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Түркиянын почталарынын өкүлдөрү да катышарын айтты.

"Электрондук соодага "Кыргыз почтасы" мекемеси логистикалык кызмат көрсөтүү менен өз салымын кошуп келет. Биздин өкүлчүлүгүбүз 2023-жылы Кытайдын Кашгар шаарында ачылган. Жыл башынан бери биз кардарларыбыздын жүктөрүн почта аркылуу жөнөтүп жатабыз. Коңшу мамлекеттерден келе турган кесиптештерибиз менен кызматташтык маселесин да талкуулайбыз", - дейт Уулжан Масиянова.

Белгилей кетсек, электрондук коммерция форуму "Кыргыз почтасы", "Элдик Банк" жана "Табарман" бизнес-платформасынын демилгеси менен өткөрүлүүдө. Иш-чаранын алкагында ишкерлердин продукциясынын көргөзмө-жарманкеси да уюштурулат.

Пикир

Оставить комментарий