Кыргызстанда «Эмгек сиңирген ишкер» наамы киргизилүүдө

Президент 0

Бишкек, 01.07.22. /Кабар/. Кыргызстанда «Эмгек сиңирген ишкер» наамы киргизилүүдө. Бул тууралуу Салык кызматкеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров билдирди.

Мамлекет башчысы КРнын ишкерлеринин статусун жана беделин жогорулатуу боюнча жарлыкка кол койгондугун айтты.

«Жарлыктын негизинде «КРнын эмгек сиңирген ишкери» наамы киргизилип жатат. Эми биздин экономикага салым кошкон, ушул наамга ээ болгон ак ниет ишкерлерибизге Кыргыз Республикасынын кызматтык паспортун алуу укугу берилет, алар аэропорттордо расмий делегациялар залы, бизнес-залдар, VIP-залдар аркылуу акысыз өтө алышат. Ошондой эле эмгек сиңирген ишкерлер президенттин чет өлкөлөргө иш сапары учурунда мамлекеттик жана расмий делегациялардын курамына да киргизилет», - деди президент.

Президент азыркы учурда өлкөдө 700 миңден ашуун салык төлөөчү бар экендигин билдирди. Алардын ичинен 3 миңге жакын салык төлөөчү, же ишкерлер мамлекеттик бюджетке төлөнгөн салыктардын жалпы суммасынан 80 пайызын берет. Ага кошумча ал ишкерлер биздин жарандарды жумуш орундары менен камсыз кылууда.

«Бүгүн биз талыкпаган эмгеги аркылуу өлкөбүздүн экономикасын өнүктүрүүгө салым кошкон, өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук максаттарына жетүүгө, экономикалык жана социалдык программаларды аткарууга көмөктөшкөн Кыргызстандын салык төлөөчүлөрүнө, ишкерлерине да ыраазычылык билдире кетейин», - деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий