• 87
  • 90.63
  • 0.79

Кыргызстанда эпизоотиялык абал туруктуу – Адилет Сотовалдиев

Коом 0

Бишкек, 28.11.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Бүгүнкү күндө өлкөдө эпизоотиялык абал туруктуу. Бул тууралуу Ветеринардык кызматтын эпизоотияга каршы көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Адилет Сотовалдиев радиолордун бирине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө эл аралык соодага терс таасирин тийгизген оорулар өлкөдө катталган жок.

"Бүгүнкү күндө эл аралык соодага терс таасирин тийгизген оорулар өлкөдө катталган жок. Шарп, күйдүргү, кутурма, эхинококкоз, күл, бруцеллез жана кара тумоо сыяктуу мал ооруларына каршы эмдөө бекер жүргүзүлөт. Дары сатып алууга республикалык бюджеттен 261 млн сом бөлүнгөн. Эмне үчүн бул ылаңдарды акысыз даарылайбыз? Анткени, бул ылаңдар адамдын ден-соолугуна түздөн-түз терс таасирин тийгизет", - деди ал.

Ошондой эле ал малды жөн эле эмдеп койбостон, туура эмдөө абдан маанилүү экенин белгиледи.

"Негизинен эмдөө учурунда мал эттүүрөөк болгону жакшы. Вакцина ошондо гана жардам берип, натыйжалуу болот. Ал эми арык малдын организми антителону иштете албай калышы ыктымал. Ошондуктан дары натыйжалуу болсун десек, мал ээси жоопкерчиликти алып, анын жем-чөбүнө көңүл бурушу керек. Тилекке каршы бизде андай эмес. Малды эптеп кыштан чыгарсак дейбиз. Ошол себептен жазында өтө арыктап кетет. Муну алардын тоютун туура даярдоо менен алдын алсак болот. Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан жашоо шартыбызга байланыштуу массалык эмдөө күз жана жаз мезгилдеринде жүргүзүлөт. Вакцина берип гана тим болбойбуз. Малдан кайрадан кан алынып, дарынын сапаты, тийгизген таасири, иммунитети кандай иштеп чыкканы текшерилет", — деди Сотовалдиев.

Пикир

Оставить комментарий