• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстанда эркектердин 48 пайызы чылым тартат

Ден соолук 0

Бишкек, 01.06.21. /Кабар/. Кыргызстанда эркектердин 48%ы чылым тартат, бул болжол менен 426 миң адамды түзөт, - деп билдирди Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, тамекинин үстүнөн көзөмөл жүргүзүү боюнча толук кандуу саясат жүргүзбөсөк, алардын жарымын – 213 миң жаранды жоготуп алышыбыз мүмкүн.

“Бул өлкө үчүн чоң жоготуу, анткени эркектер арасындагы мезгилсиз дүйнөдөн өтүү аялдарга салыштырмалуу 2,5 эсе жогору, токтоосуз чараларды көрүшүбүз керек. Жарандарды тамекинин зыяндуулугунан коргоо жөнүндө мыйзам 2006-жылы кабыл алынган, бирок бөлүп сатууга жана эгер тамеки тартуу үчүн атайын бөлмө жок болсо коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салынганын көбү биле бербейт. Кыргызстанда өспүрүмдөр арасында тамеки каражаттарын колдонуу дагы өзүнчө көйгөй. Мыйзамды толук кандуу жайылтуу үчүн тармактар аралык чара көрүү зарыл”, - деп айтылат билдирүүдө.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда тармактар аралык кызматташуунун төмөндөгүдөй жакшы мисалдары бар экенин белгилейт:

-Университеттердин тамеки түтүнүсүз демилгеси активдүү жайылтылууда (КЭУ, БГУ, КМТУ ж.б.);

- ENACTUS жаштар бизнес-коомчулугу чылымсыз саясатын жүргүзүүдө;

- 4 мектепте чылымсыз саясаты пилоттоштурулууда;

- 2018-жылдан бери бардык спорттук иш-чаралар жана спорттук уюмдар жана комплекстер тамеки түтүнүсүз аймак деп жарыяланды;

- 2020-жылдан бери Бишкек шаарынын мэриясы парктарды тамекисиз аймак деп жарыялады, ал эми 29-майдан тарта Эркиндик Бульварында дагы тамеки тартууга тыюу салынып, “Тамеки түтүнүсүз сквер” такталары орнотулду;

- калк арасында тамекиден баш тартуу боюнча консультациялар активдүү жүрүүдө;

- Эми балдар ойноочу аянтчаларга "Тамеки түтүнү жок аянтчалар" деген жазуулар орнотулат;

- Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда тамекиден баш тартуу мектебин түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө;

- Бишкек шаарында мектеп окуучулары үчүн интерактивдүү вебинарлар жүргүзүлүүдө, ал 50 мектепти камтыйт;

- Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгы менен биргеликте коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салууну көзөмөлдөө боюнча иш-чаралар пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий