• 87
  • 90.55
  • 0.84

Кыргызстанда эркектердин ден соолугун текшерүү боюнча бир айлык башталды

Ден соолук 0

Бишкек, 01.02.24. /Кабар/. Кыргызстанда 18 жаштан жогорку курактагы эркектер арасында жугуштуу эмес оорулардын пайда болушуна алып келүүчү тобокелдик факторлорун аныктоого багытталган “Жооптуу бол!” республикалык бир айлык башталды.

Иш-чара "Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу" долбоорунун колдоосу менен өтүүдө.

Жугуштуу эмес оорулар – бул өнөкөт, жай өөрчүгөн оорулар. Аларга жүрөк-кан тамыр оорулары, рак, өпкө оорулары жана кант диабети кирет.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2022-жылы жүрөк-кан тамыр оорулары өлүмдүн негизги себеби болуп, өлкөдөгү бардык өлүмдөрдүн 52,1%ын түзгөн, ал эми рак (12,2%) экинчи орунда туруп, андан кийин өпкө оорулары (5,5%) болуп турган.

Туура эмес тамактануу (өзгөчө тузду көп колдонуу, жашылча-жемиштерди жетишсиз колдонуу), тамеки чегүү, алкоголдук ичимдиктерди ашыкча ичүү жана физикалык активдүүлүктүн төмөндүгү жугуштуу эмес оорулардын эң кеңири таралган алдын ала турган тобокел факторлору болуп саналат.

Бир айлыктын негизги максаты - жугуштуу эмес ооруларды жана алардын татаалданышын алдын алуу ошондой эле бул ооруларды алгачкы стадияларында аныктоо үчүн Кыргызстандын эркектерин баштапкы медициналык-санитардык жардам мекемелерине тартуу.

2022-жылкы бир айлыктын алкагында өлкө боюнча баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарына 367 минден шык эркек кайрылган. Алардын ичинен 79 миңи баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарына буга чейин эч качан барышкан эмес же акыркы 3 жылда биринчи жолу кайрылышкан. Медициналык мекемелерге кайрылган жалпы эркектердин камтылышы республикада жашаган 18 жаштан жогорку эркектердин жалпы санынын 20% түздү. Бул кампаниянын кеңири жайылышын жана натыйжалуулугун көрсөтүп турат.

Белгилей кетсек, акция биринчи жолу 2019-жылы "Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу»" швейцариялык долбоорунун алкагында өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий