• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстанда эт, сүт, жумуртка жана жүн өндүрүүнүн көлөмү өстү

Экономика 0

Бишкек, 23.12.24. /Кабар/. Кыргызстанда 2024-жылдын 1-декабрына карата республика боюнча мал чарба продукцияларынын бардык категорияларында тирүүлөй салмакта 414,4 миң тонна эт өндүрүлдү.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10 миң 425 тоннага, же 2,6 пайызга эт көбүрөөк өндүрүлгөнүн көрсөтүп турат. Республикада эт өндүрүүнүн жогоруулашы айыл чарбасында малдын көбөйүшү менен байланыштуу.

2024-жылдын январь-ноябрь айында өлкөдө 1 млн 692,5 миң тонна сүт өндүрүлдү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине карата 38 208 тоннага, же 2,3 пайызга көп. Республикада сүт өндүрүүнүн өсүшү саан уйлардын саны былтыркы жылга салыштырмалуу 16,5 башка көбөйүшү жана уйлардын кунардуулугунун жогорулашы менен байланыштуу.

Ошондой эле бүгүнкү күнгө карата республикада 734 миң 454 даана жумуртка өндүрүлдү, бул былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу 95 миң 830 даанага, же 115 пайызга көбүрөөк болгондугун көрсөтөт. Жумуртка өндүрүүнүн жогорулашынын эң негизги себеби тооктордун саны 571,1 миң башка көбөйүшү жана тооктордун орточо тукумдуулугу өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу 18 даана жумурткага жогоруулашы менен байланыштуу.

2024-жылдын 1-ноябрына карата республикада 13157,4 тонна жүн өндүрүлдү, бул көрсөткүч 243-тоннага көп, бул былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу 101,9 пайызды түзөт. Жүн өндүрүү республиканын бардык облустарында көбөйүшү байкалат, эң негизги себеби - койлордун саны 37 609 башка көбөйүшү жана 1 койдон кыркылган орточо жүндүн 0,3 кг жогоруулашы менен байланыштуу.

Пикир

Оставить комментарий