• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда финансылык уюмдар жыл башынан бери 33 млрд сом пайда көргөн

Экономика 0

Бишкек, 23.11.23. /Кабар/. 2023-жылдын январь-сентябрында экономиканын финансы секторунда 33 млрд сомго жакын пайда алынды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул аралыкта өлкөнүн экономиканын финансы секторунда 647 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 608 банктык эмес финансылык-кредиттик уюм жана 15 камсыздандыруу компаниясы иш жүргүздү.

Финансы секторундагы уюмдардын кардарларынын базасы бир жылдын ичинде 4 миллиондон ашык көбөйүп, 2023-жылдын сентябрынын аягына карата 11 миллиондон ашты. Анын көбөйүшү негизинен мобилдик банкинг системасына кошулган банктардын кардарларынын санынын, ошондой эле камсыздандыруу секторунда түзүлгөн келишимдердин санынын өсүүсү менен камсыздалды.

2023-жылдын 9 айында экономиканын финансы секторундагы уюмдардын кирешелеринин суммардык көлөмү 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 22%га (16,7 млрд сомго) көбөйүп, 91 млрд сомдон ашты, бул негизинен банк секторунун кирешелеринин өсүшү менен камсыздалды. Ушул эле мезгилде финансы секторундагы уюмдардын чыгымдары 29%га көбөйүп, 58,5 млрд сомду түздү.

Үстүбүздөгү жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен экономиканын финансы секторундагы ишканалар тарабынан 33 млрд сомго жакын пайда алынды, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 3,6 млрд сомго көп. Коммерциялык банктардын, микрокредиттик уюмдардын жана Улуттук банктын пайдасынын көбөйүшү байкалды. Финансы секторундагы ишканалардын 66%га жакыны пайда алышты, ал эми 14%ы чыгым тартты.

2023-жылдын 1-октябрына карата банктардын жана банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдардын ачык кредиттик портфелинин суммардык көлөмү 285 млрд. сомдон ашты, мында банктык секторго кредиттердин жалпы көлөмүнүн 86%ы туура келди. Кредиттерди берүүнүн негизги багыттары соода чөйрөсү (жалпы көлөмдүн 25%ы), керектөө муктаждыктары (24%), айыл чарбасы (18%) жана ипотека (10,5%) болуп саналды.

Пикир

Оставить комментарий