• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда гепатит оорусуна каршы күрөшүү боюнча 10 күндүк жүрүүдө

Ден соолук 0

Бишкек, 26.07.24. /Кабар/. Кыргызстанда гепатит ооруларына каршы күрөшүү боюнча 10 күндүк жүрүүдө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева билдирди.

Анын айтымында, иш-чара 28-июль — Бүткүл дүйнөлүк гепатитке каршы күрөшүү күнүнө карата уюштурулууда жана анын алкагында өлкөнүн бардык аймагында элдин аталган оору тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу жана алдын алуу иштери жүргүзүлөт.

"Учурда Кыргызстанда гепаттиттин калк арасында таралуу масштабына баа берүүгө жана жуктуруунун негизги тобокелдиктерин аныктоо максатында серологиялык изилдөө жүргүзүлүүдө. Ал үчүн 6 миңден ашык үй-чарбасы тандалып алынган, ошондой эле изилдөөгө 5 жаштан 17 жашка чейинки балдар жана 18 жаштан жогорку курактагы чоңдор катышып жатат", - деген ал жарандарды изилдөөгө активдүү катышууга чакырды.

Бүбүжан Арыкбаева 2024-жылга өлкөдө оорунун алдын алуунун алкагында 100 млн сомго экспресс-тесттер, вакцина, тест-системалар жана дары-дармектер сатып алынганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, гепатит – бул кан аркылуу жугуучу оору жана Кыргызстанда аталган ооруга каршы вакцияналар жана ооруну аныктоо үчүн бардык анализдер жана дарылоо акысыз болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий