Кыргызстанда грэпплинг боюнча дүйнөлүк AIGA Champions League чемпионатына тандоо өтөт

Спорт 0

Бишкек, 01.07.24. /Кабар/. Кыргызстанда биринчи жолу түрк мамлекеттеринин өкүлдөрү катыша турган QAGAN Championship эл аралык турниринин алкагында грэпплинг боюнча дүйнөлүк AIGA Champions League чемпионатына тандоо өтөт. Бул тууралуу AIGA Кыргызстан грепплинг федерациясынын вице-президенти Бексултан Өмүрзаков “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын грепплинг федерациясынын турниринде Түрк мамлекеттеринин атынан түзүлө турган Каган командасына спортчулар тандалат. Турнир август айында уюштурулат.

“Биз өлкөдө август айынын аягында тандоо турун өткөрөбүз. Бүгүнкү күндө спорттун бул түрү боюнча күчтүү грепплинг балбандары бар. Алар буга чейин эл аралык мелдештерде ийгиликтерди жаратып келишкен. Бул ирет да Түрк мамлекеттеринин атынан катыша турган мелдеште кыргыз спортчулары жакшы жетишкендиктерге жетет деп ишеним артып турабыз. Башкы мелдеш Бангкокто декабрь айында уюштурулат. 25 күн мурда Түрк дүйнөсү деген аталыштагы эл аралык турнирге командабыз менен барып, экинчи орунду алып келдик. Эми курамабызга дагы мыкты балбандарды кошууга аракеттерди көрүп жатабыз”, - деди ал.

Global AIGA`нын башкы катчысы Болат Муханов эл аралык федерацияга Кыргызстандын грепплинг федерациясы мүчө катары таанылып, кабыл алынганын белгиледи. Жакында эле Түркия да федерацияга мүчө болуп кирди.

“Биздин эл аралык федерация 2018-жылы Казакстанда бекитилгенден бери бир катар мелдештерди өткөрүп келет. Федерациябыздын 30 мамлекетте мүчөлөрү бар. Катарыбызга кошулган Кыргызстандын федерациясы менен ийгиликтүү кызматташууларды жүргүзөбүз деп ишенем. Биз сентябрда Азия чемпионатын өткөрүүгө да камынып жатабыз. Андан соң дүйнөлүк чемпионатты ноябрда Түркияда уюштурууну пландап жатабыз. Ал эми AIGA Champions League`тин финалына 8 команда катышат. Байге фонду 1 млн АКШ долларын түзөт”, - дейт Болат Муханов.

Өз кезегинде AIGA Кыргызстан грепплинг федерациясынын президенти Жылдызбек Бакир уулу эл аралык федерация менен тыгыз алакаларды түзүүгө болгон күч-аракеттерин жумшашарын айтты.

“Кыргызстан эл аралык федерация менен ийгиликтүү иш алып барат деп ойлойм. Бул лиганы Борбор Азиядагы көп мамлекеттер тааныйт. Биз биргелешип долбоорлорду ишке ашырууга жана грепплингди өнүктүрүүгө максат коюп жатабыз. Жаштардын спортко кызыктырууга басым жасайбыз. Анткени Кыргызстанда тажрыйбалуу спортчуларды тарбиялап чыгырып жаткан балдар мектептери көп”, - деп кошумчалады AIGA Кыргызстан грепплинг федерациясынын президенти.

Пикир

Оставить комментарий