Кыргызстанда январь айында 5,7 млрд сом салык чогултулду

Экономика 0

Бишкек, 14-февраль /Кабар/. 2017-жылдын январь айында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 5 млрд 686,6 млн сом салыктар жана төлөмдөр чогултулду. Бул тууралуу МСК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, коюлган план 101,5 пайызга, башкача айтканда 86,1 млн сомго ашыгы менен аткарылды.

2016-жылдын январь айына салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 735,4 млн сомго же 14,9 пайызга жогорулаган.

Пикир

Оставить комментарий