• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Кыргызстанда июль айында инфляция 4,1%га төмөндөдү – ЕАӨБ

Экономика 0

Бишкек, 27.08.24. /Кабар/. Кыргызстанда инфляция 2024-жылдын июнь айындагы 4,5%га салыштырмалуу июль айында 4,1%га төмөндөдү. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын макроэкономикалык баяндамасында айтылат.

Документтеги маалыматка ылайык, мындай динамикага азык-түлүк сегментиндеги баа басымынын басаңдашы өбөлгө түзүүдө.

Ошол эле учурда өсүмдүк майы, эт жана кантка дүйнөлүк баалар бир нече ай катары менен өстү, бул Кыргызстанда баалардын жогорулоочу басымын жаратышы мүмкүн.

Алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына баалардын 9,7%га өсүшү бир жагынан акциздик салыктардын көбөйүшүнө байланыштуу. Азык-түлүк эмес товарлар 7,4%га, кызмат көрсөтүүлөр 6,8%га жогорулады.

Бул биринчиден импорттук баалардын өсүүсүнө, экинчиден транспорт, ресторан жана мейманканалардын кызмат көрсөтүү тарифтеринин өсүүсүнө байланыштуу.

Финансы институту жылдын жыйынтыгы менен инфляция 4,3%ды түзөт деп божомолдоодо.

Пикир

Оставить комментарий