• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Кыргызстанда интеллектуалдык менчик жана инновация боюнча бир катар долбоорлор колдоо тапты

Коом 0

Бишкек, 31.07.24. /Кабар/. Кыргызстанда интеллектуалдык менчик жана инновация боюнча бир катар долбоорлор колдоо тапты. Бул тууралуу министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгын караган жыйынында маалымдалды.

Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаеванын айтымында, 2024-жылдын март айында жалпы байге фонду 3 миң АКШ долларын түзгөн “Startup Nation Spring” мини хакатону өткөн. Жыйынтыгында 139 команданын ичинен 30 команда финалга чыгып, үч мыкты долбоор жеңүүчү болуп аныкталган. Ал эми эң ири долбоор “40 район – 40 демилгеге” 206 өтүнмө катталып, 34 долбоор тандалып алынган.

"Калктын ар кандай максаттуу топтору үчүн интеллектуалдык менчик жана инновация маселелери боюнча окуу курстарында 2611 угуучулар окутулду, 67 окутуу курстары өткөрүлгөн. Илимий чөйрөдө кадрдык потенциалды өнүктүрүү механизми катары балдардын жана жаштардын чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү максатында конкурстар уюштурулган", - деди Керимбаева.

Ошондой эле ал жыл башынан бери 5 долбоор министрлер кабинети тарабынан бекитилгенин жана учурда 3 ченемдик укуктук актыны президенттик администрация карап жатканын белгиледи.

"Интеллектуалдык менчик жана инновациялар секторунун негизги катышуучуларынын өз ара аракеттешүүсүн камсыздоого арналган “Intellect Market” санариптик платформасын түзүүгө техникалык тапшырманын жана концепциянын долбоорлору даярдалды", - деп кошумчалады Кыргызпатенттин жетекчиси.

Пикир

Оставить комментарий