• 84.2
  • 94.34
  • 0.9

Кыргызстанда “Ишкер 24” мобилдик тиркемесин 25 миңден ашуун ишкер колдонууда

Коом 0

Бишкек, 30.09.24. /Кабар/. Кыргызстанда “Ишкер 24” мобилдик тиркемесин 25 миңден ашуун ишкер колдонууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “Ишкер” кызматташуунун долбоордук кеңсесинин жетекчиси Татьяна Шахин “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, “Ишкер 24” чакан жана орто бизнеске жаңы салык реалдуулугуна байланыштуу бухгалтерди жалдабоого мүмкүнчүлүк түздү.

“Ишкер 24” тиркемесин жылына 15 млн сомго чейин жүгүртүүсү бар ишкерлер колдонушууда. Анын жардамы менен отчетторду оңой жана жөн гана тиркеме аркылуу суралган маалыматтарды толтуруп коюуга болот. Учурда тиркемени колдонгондордун саны 25 миңден ашты, ишкерлерге өтө чоң пайдасы тийип жатат. Телефонуңуздан эле бизнесиңизди башкарып, убакытыңызды үнөмдөңүз. Анткени “Ишкер 24” сиздин бизнеске “бирдиктүү терезедеги” санарип жардам”, - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 1-июлдан тартып патент менен соода-сатык кылуу токтотулуп, көзөмөл-кассалык машинаны (ККМ) милдеттүү колдонуу тартиби күчүнө кирген.

Пикир

Оставить комментарий