Кыргызстанда ишкерлер тарабынан 100 миңден ашык ККМ аппараты колдонулууда

Экономика 0

Бишкек, 27.06.24. /Кабар/. Кыргызстанда катталган контролдук-кассалык машиналардын саны 100 миң 32 бирдикке жетти. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, акыркы үч жылда катталган ККМдин саны 82,6 миң бирдикке көбөйгөн. 2021-жылы алардын саны 17,4 миңден ашса, 2022-жылы 36 миңге жеткен, ал эми 2023-жылы 65,4 миң бирдикти түзгөн.

Бул олуттуу өсүш ишкерлер арасында масштабдуу маалыматтык түшүндүрүү өнөктүктөрүн өткөрүү, мамлекет тарабынан ККМди акысыз негизде берүү, ошондой эле салык жеңилдиктерин киргизүү менен түшүндүрүлөт.

Эскерте кетсек, товарларды, жумуштарды жана калкка кызмат көрсөтүүлөрдү чекене сатууну ишке ашырган салык төлөөчүлөр (КР министрлер кабинети тарабынан бекитилген иштин түрлөрүнөн сырткары) ККМди колдонууга милдеттүү.

Контролдук-кассалык машиналарды колдонуу салыктардын адилеттүү төлөнүшүнө, бизнестин ачык-айкын жүргүзүлүшүнө өбөлгө түзөт жана ишкерлерди кассалык отчеттуулуктун чоң көлөмүн тариздөө зарылчылыгынан куткарат.

Пикир

Оставить комментарий