• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда ишкерлердин 127 миңден ашык виртуалдык кампасы иштейт – МСК

Коом 0

Бишкек, 12.02.24. /Кабар/. Азыркы учурда Салык кызматынын маалыматтык системасында электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз колдонгон 111 миң 449 ишкер катталган. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар тарабынан "ЭТТК" системасы аркылуу 15,7 млн электрондук документ түзүлгөн, алардын ичинен сатуу боюнча – 12,5 млн, эсептен чыгаруу – 1,2 млн, алып өтүү – 751,9 миң, кириштөө боюнча – 1,2 млн. документ.

Ишкерлердин 127 миңден ашык виртуалдык кампалары активдүү иштеп жатат.

Мындан тышкары, товарлардын 2,3 млн уникалдуу түрү ЭТТК товарлар каталогунда катталган.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын май айынан тартып ЭТТКны мунай жана мунай заттарды жана товарларды жүгүртүүчү салык төлөөчүлөр, 2022-жылдын 1-июлунан тартып Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан бекитилген тизмеге киргизилген товарларды жүгүртүүчү салык төлөөчүлөр, 2023-жылдын 1-январынан тартып товарларды жүгүртүү менен алектенген ишкерлер колдонушууда.

Электрондук товардык транспорттук коштомо кагаз – бул товар, жөнөтүүчү, алуучу, транспорт каражаты жөнүндө жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ.

ЭТТКнын артыкчылыгы болуп анын ыкчамдуулугу саналат, ишкердик субъекттерге мурда кагаз документтерди жөнөтүү күн жана жумаларды талап кылган болсо, эми электрондук документтерди бир нече мүнөттүн ичинде алмашууга мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, салык жол-жоболорун санариптештирүүнүн алкагында “СМАРТ Салым" салыктык башкаруу системасында бир катар ири долбоорлор ийгиликтүү ишке киргизилип, иштеп жатат.

Алсак, электрондук эсеп-фактуралар, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар, ККМ-онлайн, товарларды маркалоо, ишкердик субъекттердин дислокациясы, отчетторду онлайн форматта берүү, электрондук рейддик контроль, "Салык төлөөчүнүн паспорту", "Жыйынды пост", "Ички пост" системалары, Stat.salyk.kg ачык маалыматтар порталы, КНСти контролдоонун автоматташтырылган системасы, чет өлкөлүк уюмдар тарабынан аралыктан салыктык каттоодон өтүү үчүн vat.salyk.kg электрондук сервиси жана башкалар.

Пикир

Оставить комментарий