Кыргызстанда ишкерлерге контролдук-кассалык машиналар акысыз таратыла баштады

Экономика 0

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөргө контролдук-кассалык машиналарды акысыз бере баштады.

Ведомстводон билдиришкендей, 32 миң ККМди берүү этабы менен жүргүзүлөт.

ККМди акысыз берүү аларды ар кандай себептер менен өз алдынча сатып ала албаган, анын ичинде базарларда жана кичи базарларда иштеген жана патенттик системадан салык салуунун башка түрлөрүнө өтүп жаткан ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында ишке ашырылат.

ККМ алуу үчүн салык төлөөчү экономикалык иш жүргүзгөн жери боюнча аймактык салык органына арыз бериши керек.

Пикир

Оставить комментарий