Бишкек, 13.04.21. /Кабар/. Кыргызстанда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.
КР Сейсмология институтунун маалыматына таянсак, жер титирөө күн мурун, 12-апрелде саат 20:25те Кыргыз Республикасынын аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.
Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Пикир
Оставить комментарий