Кыргызстанда күчү 3,5 жана 3 баллга жеткен 2 жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 02.03.20. /Кабар/. Кыргызстанда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жер титирөө күн мурун, 1-мартта саат 15:18дер чамасында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Каду, Жазы-Кечүү, Ак-Булак айылдарында 2,5-3 баллга, Косо-Терек, Орток, Кара-Алма жана Сай айылдарында 2-2,5 баллга чейин сезилген.

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Андан тышкары, ошол эле күнү саат 07:48дер чамасында Кыргызстанда дагы бир жер титирөө катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак, Отуз-Адыр, Мады, Кызыл-Ордо айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий