• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын бир аз кымбатташынын себеби айтылды

Коом 0

Бишкек, 24.02.24. /Кабар/. Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын чекене баасынын бир аз жогорулашы Россиядагы мунайды кайра иштетүүчү заводдордо сатуу бааларынын жогорулашына байланыштуу. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул өз кезегинде коңшу мамлекеттерде жазгы талаа иштерине даярдыктын жүрүшүндө суроо-талаптын өсүшү менен байланыштуу.

"Коңшу мамлекеттер, анын ичинде Өзбекстан жана Тажикстан Россия Федерациясынын мунай иштетүүчү заводдорунан бензин жана дизель майын сатып алышат. Учурда бензин жана дизель майы рыногунда абал туруктуу. Нефть продуктыларын ташып келүү план боюнча үзгүлтүксүз аткарылып жатат. Эч кандай тартыштык жок", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, 22-февралда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен нефтетрейдерлердин ортосундагы мунай продуктулары рыногунда кызматташуу боюнча макулдашуунун алкагында айыл-чарба азыктарын өндүрүүчүлөрүн күйүүчү-майлоочу майдын керектүү көлөмү менен камсыз кылуу боюнча жумушчу жыйын өттү.

Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы айыл-чарба өндүрүүчүлөрүнө сезондук жеңилдиктерди берүү менен зарыл болгон күйүүчү май запасын камсыз кылууга кепилдик берет.

Пикир

Оставить комментарий