• 87
  • 90.63
  • 0.79

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлардын баасы туруктуу - нефтетрейдерлер

Экономика 0

Бишкек, 02.12.24. /Кабар/. Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу май рыногундагы баанын абалы туруктуу бойдон калууда.

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинен маалымдашкандай, күйүүчү майлардын баасы жөнү жок жогорулап кетпөөсүнө багытталган иштер жасалууда.

Өлкөнүн нефтепродуктуну жылдык керектөөсү 1,4 млн тоннага жетет. Бензинди орточо суткалык керектөө 1781 тоннаны, дизелдик отундуку 1507 тоннаны түзөт (Жалпысынан 3288 тонна).

Кыргызстандын аймагында күйүүчү-майлоочу майларды "Кыргыз Петролеум Компани", "Жалал-Абад нефтини кайра иштетүүчү завод", "Кемин нефтини кайра иштетүүчү завод" ишканалары өндүрөт. Бирок нефтепродуктулардын негизги көлөмү Россиядан импорттолот.

Бензиндин Аи-92 маркасы жана дизелдик отун 2023-жылдын 8-сентябрында социалдык маанилүү товарлардын ичине киргизилген.

Учурда төмөнкү чарбалык субъекттер рынокту ээлейт:
- "Газпром нефть Азия";
- "Альфа Ойл" (Ред Петролеум);
- "РН-Кыргызнефтепродукт" ЖЧКсы.

Кыргызстандын күйүүчү май рыногунда 5 ири компания керектөөнүн 90 %ын камсыздайт.

Былтыр Кыргызстандын нефтетрейдерлери менен Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги кызматташуу келишимине кол коюшкан ("Газпромнефть Азия", "Альфа Ойл", "ШНОС" ЖЧКсы, "Партнер нефть" ЖЧКсы, "РН-Кыргызнефтепродукт" ж.б.).

Кызматташуунун алкагында дайыма жумуш жыйындары өткөрүлөт. Келишимге ылайык, нефтетрейдерлер баа туруктуулугун жана нефтепродуктулардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоосу керек.

Күйүүчү-майлоочу майлардын баасына жүргүзүлгөн анализдин жыйынтыгы боюнча, баалардын жөнү жок жогорулоосуна жол бербөө максатында сунуштар берилүүдө.

Бүгүнкү күндө нефтетрейдерлердин маалыматы боюнча, күйүүчү-майлоочу майлардын баасы туруктуу бойдон калууда. Аларды ташып келүү үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Майлардын кору 1,5-2 айга жетет. Кээ бир май куюучу жайларда баалардын бир аз жогорулашы Россияда нефтини кайра иштетүүчү заводдордо баалардын өзгөрүүсүнө байланыштуу экендиги айтылды.

Ошондой эле белгилей кетчү жагдай, автогаз да биржалык товар болуп саналат. Кыргызстан импорттоочу өлкө болгондуктан, автогаздын баасы тышкы факторлорго көз каранды.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын май куюучу жайларында автогазды ташып келүүгө байланыштуу убактылуу кыйынчылыктар байкалууда. Нефтетрейдерлердин маалыматы боюнча, бул кырдаалды чечүүгө багытталган иштер жүрүүдө.

Төмөндө Бишкек шаарындагы май куюучу жайлардагы баалар көрсөтүлгөн:

Пикир

Оставить комментарий