• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстанда күйдүргү оорусу катталды. Бейтап дарыланууда

Ден соолук 0

Бишкек, 13.05.24. /Кабар/. Жалал-Абадда күйдүргү оорусу катталды. Маалыматты “Кабар” агенттигине Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ департаментинен тастыкташты.

Маалыматка ылайык, Бишкекке дарыгерге көрүнүүгө келген Жалал-Абаддын тургунан күйдүргү оорусу аныкталган. Учурда ал дарыланууда.

Санитардык дарыгерлер белгилегендей, оору мал этинен жуккан. “Алар мал союп, этин тараткан. Союлган мал ветеринардын текшерүүсүнөн өткөн эмес. Эт таратылган жарандардын бардыгы текшерилет", - деп белгиледи дарыгерлер.

Күйдүргү — кишиге малдан жугуучу катуу кармама жугуштуу оору. Көбүнчө терини, ичеги-карынды, өпкөнү жабыркатат. Ооруну таякчага окшогон микроб козгойт.

Пикир

Оставить комментарий