Кыргызстанда көмүрдүн орточо баасы тоннасы үчүн 5,1 миң сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 21.01.22. /Кабар/. Көмүрдүн чекене баалары 2022-жылдын 21-январына карата Кыргызстан боюнча орточо алганда өткөн жылдын декабрынын деңгээлинде сакталуу менен бир тонна үчүн 5 миң 183 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Муну менен бирге минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тонна үчүн - 3 000 сом), Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн – 4 000 сом), Кара-Балта жана Бишкек шаарларында (бир тонна үчүн – 4 500 сом) болгону байкалды. Ошол эле учурда көмүргө карата эң жогорку баалар Ноокат (бир тонна үчүн – 7 599 сом), Баткен (бир тонна үчүн – 7 230 сом) жана Кара-Суу (бир тонна үчүн – 7 000 сом) шаарларында катталды.

Байкоого алынган айрым калк жашоочу пункттарда көмүргө карата чекене баалардын төмөндөгөнү, алардын ичинен көбүрөөк Токтогул (бир тонна үчүн – 622,6 сом), Кербен (бир тонна үчүн – 510,5 сом), Өзгөн (бир тонна үчүн – 424,9 сом) жана Баткен (бир тонна үчүн – 368,3 сом) шаарларында белгиленди.

Жергиликтүү өндүрүлгөн көмүргө карата бааларды жөнгө салуу максатында, министрлер кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы №209 токтому менен көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген. Көмүрдү төмөндөтүлгөн бааларда сатуу боюнча түйүндөрүнүн Жалал-Абад (тоннасы 4 000 сом), Ноокат (тоннасы 5 000 сом) жана Бишкек (тоннасы 3 000 сом) шаарларында катталганын белгилей кетүүгө болот.

Пикир

Оставить комментарий