• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстанда көмүскө экономика ИДПга карата 21% түзөт — Статкомдун маалыматы

Экономика 0


Бишкек, 09.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, көмүскө экономика республиканын ИДПсына карата 21%ды түзөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен кабарлашты.

Расмий эмес маалыматтар боюнча, бүгүнкү күндө декларацияланбаган мүлктүн 40%га жакыны көмүскө сектордо.

Көмүскө жүгүртүүнү азайтуу жана өлкөнүн экономикасына инвестицияларды көбөйтүү үчүн 2023-жылдын 6-июнунда президент Садыр Жапаров "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" КР Мыйзамына кол койгон. Мыйзам салык мунапысы аркылуу мүлктү жана кирешелерди мыйзамдуу экономикалык жүгүртүүгө тартууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий