Кыргызстанда күзүндө ЖККУнун "Өз ара аракеттешүү-2024" машыгуусу өтөт

Коом 0

Бишкек, 15.02.24. /Кабар/. Кыргызстанда быйыл күз айларында ЖККУнун ыкчам жооп кайтаруу жамааттык күчтөрү менен "Өз ара аракеттешүү-2024" командалык-штабдык машыгуусун өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу брифингде ЖККУнун бириккен штабынын башчысы Андрей Сердюков билдирди.

"Быйылкы жылы биргелешкен даярдыктын негизги иш-чараларынын катарында сентябрь-октябрь айларында Кыргыз Республикасынын аймагында ЖККУнун ыкчам жооп кайтаруу жамааттык күчтөрү менен "Өз ара аракеттешүү-2024" командалык-штабдык машыгуусу, чалгындоо күчтөрү жана каражаттары менен "Издөө-2024" атайын машыгуусу, ЖККУ аскерлерин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу күчтөрү жана каражаттары менен "Эшелон - 2024" атайын машыгууларын өткөрүү каралууда", - деди Сердюков.

Анын айтымында, Тажикстанда Борбор Азия чөлкөмүндөгү Жамааттык күчтөрүнүн командачылыгы менен оперативдик жыйын жана "Рубеж-2024" биргелешкен машыгуусун өткөрүү мерчемделүүдө.

"Ошондой эле Казакстанда ЖККУнун тынчтыкты сактоочу күчтөрү менен командалык-штабдык "Бузулбас боордоштук-2024" машыгуу пландаштырылган - деп кошумчалады ал.

Сердюков кошумчалагандай, машыгуунун Активдүү фазаларында ЖККУга мүчө болбогон башка мамлекеттердин, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү байкоочу катары катышуусу каралып жатат.

КР Коргоо министрлигинен брифингге (видеоконференцбайланыш режиминде) КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысынын биринчи орун басары Артур Темиров катышты. Анын жүрүшүндө уюмдун 2024-жылга карата аскердик кызматташтыгы, Жамааттык коопсуздук системасындагы күчтөрдү жана каражаттарды даярдоонун жана өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери каралды.

Пикир

Оставить комментарий