• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстанда кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулууда

Коом 0

Бишкек, 22.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Кыргызстанда кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулууда. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, эл аралык кызматташуу багытында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер Япония, Кытай, Түштүк Корея, Сауд Аравия өлкөлөрүнө кыска жана узак мөөнөткө окутуу курстарына жиберилүүдө.

“257 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер окутуудан өттү. Квоталардын санын көбөйтүүнүн алкагында, Кытай мамлекетине кыска курстан окутуу боюнча квоталардын саны 50дөн 500гө чейин өскөн. Ал эми мамлекеттик тапшырык боюнча 3660 кызматкердин окутуусу каралса, бүгүнкү күндө 518 кызматкер окутуудан өттү. Бул өз кезегинде кызматкерлердин ишинин сапатын жакшыртууга жардам берип жатат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий