Бишкек, 18.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда Кадыр түн 19-майдан 20-майга караган түнү белгиленет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.
Кадыр түн орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү белгиленип келет.
Бул түндө шариат, адеп-ахлак, куран жана хадис маселелеринен баяндар окулуп, Кадыр түн тоскондор таң атканча уктабастан, жакшылык тилешет.
Пикир
Оставить комментарий