Бишкек, 11.06.18. /Кабар/. Быйыл Кыргызстанда Кадыр түн 11нен 12-июнга караган түнү белгиленет. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Кадыр түн Рамазан айынын 26нан 27-түнгө караган күнгө туш келет.
“Бул түндө мечиттерде имамдар шариат, адеп-ахлак, куран жана хадис маселелерин баян кылып окушат”,-деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, Орозо айт 15-июнда белгиленет.
Пикир
Оставить комментарий