• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Кыргызстанда кагаз баштыктар менен таңгактарды чыгарууга басым жасалууда

Коом 0

Бишкек, 28.10.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев KIRLand компаниясынын KIR Pack – кагаз пакеттерди чыгаруучу ишканасынын базасында көчмө жыйын өткөрдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жыйынга Айыл чарба жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрликтеринин тиешелүү жетекчилери, ошондой эле компаниянын башчылары катышты.

KIRLand Кыргызстандагы 1995-жылдан бери иштеп жаткан офсеттик басма продукциясын чыгаруу боюнча ири ишканалардын бири болуп саналат.

2019-жылдан бери компаниянын тутумунда KIR Pack ишканасы иштеп жатат. Анын өндүрүш жана кампа бөлмөлөрүнүн жалпы аянты 1000 чарчы метрди түзөт. Бул жерде экологиялык таза продукция алуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Боёкту дозалап берүү системасы аркылуу так сүрөттөр менен кагаз баштыктарды чыгаруу жолго коюлган. Бир сменада 30 миң даана пакет чыгарылат, пландаштырылган кубаттуулугу 40 миң даанага жетет. Өндүрүш ар кандай форматта жана көлөмдө кагаз баштыктар менен таңгактарды чыгарууга мүмкүндүк берет.

Төрөбаев жыйында мамлекет экологиялык таза продукцияларды өндүргөн ишканаларга артыкчылык берип жаткандыгын белгиледи. Министрлер кабинети айлана-чөйрөгө жана адамдардын ден соолугуна зыян келтирген желим буюмдардан экологиялык таза кагаз буюмдарына этап-этабы менен өтүүнү жүзөгө ашырууда. Бул мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы.

Көчмө жыйындын жыйынтыгында жогорку сапаттагы крафт-баштыктарды чыгарууда өндүрүш көлөмүн жогорулатуу, зарыл болгон кошумча жабдыктарды сатып алууга компанияга ар тараптуу көмөктөшүү боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.

Мындан сырткары, Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча президент Садыр Жапаровдун тиешелүү жарлыгы да чыккан. Жарлыкка ылайык, Ысык-Көлдөгү абалды мисал катары колдонуу менен өлкөнүн бардык аймактарында желимден кагазга өтүү планы коюлган.

Пикир

Оставить комментарий