• 85.5
  • 93.28
  • 0.89

Кыргызстанга кайтып келген эмгек мигранттарынын саны 85 пайызга көбөйдү – изилдөө

Коом 0

Бишкек, 15.10.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги менен Эл аралык миграция уюму миграция тенденцияларын баалоонун жыйынтыгын көрсөтүштү.

Министрдин орун басарынын айтымында, баалоонун жыйынтыгында кайтып келген мигранттардын саны өсүүдө, бул өз кезегинде комплекстүү жана фактылык негизделген миграциялык саясаттын зарылдыгын көрсөтөт.

Изилдөө көрсөткөндөй, 2020-жылдан 2024-жылдын апрелине чейин миграциялык миграциянын өсүшү байкалган, бул миграциялык түзүлүштүн олуттуу өзгөрүшүн көрсөтүп турат. 2023-жылы кайтып келген мигранттардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 85% га көбөйгөн.

Кайтып келген мигранттардын саны боюнча Ош, Чүй жана Баткен облустары алдыда. Бирок өлкөгө кайтып келген респонденттердин 16%ы келечекте эмне кыларын билбей, келечектеги пландары тууралуу жооп бере албай кыйналышат.

Конференция Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) тарабынан колдоого алынган ЭМУнун "Борбордук Азиядагы эмгек миграциясы программасы" долбоорунун жана Европа Биримдиги тарабынан "Миграциялык талдоо жана саясат үчүн аймактык маалыматтар (REMAP)» долбоорунун алкагында өткөрүлүп, анда миграциялык маалыматтар калктын кыймылынын татаал динамикасын жана алардын коомго жана экономикага тийгизген таасири көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий