Кыргызстанда калам. ЖРТда алдыңкы үчтүккө кирген Элнура Эркинбекова менен маек

Маек 0

2024-жылдагы Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы чыгып, Билим берүү жана илим министрлиги "алтын сертификат" ала турган окуучулардын тизмегин жарыялады. Алардын катарында алдыңкы үчтүккө кирген бүтүрүүчүлөрдүн бири Талас облусундагы "Мээрим-Себат" Талас эл аралык кыргыз-түрк кыздар лицейинин окуучусу Элнура Эркинбекова. Ал "Кабар" агенттигине маек берип, жогорку упайды алууда ЖРТга даярдыктары, тажрыйбасы жана айрым сунуштары менен бөлүштү.

— Элнура, саламатсызбы! Биринчиден "алтын сертификаттын" ээси болушуңуз менен куттуктайбыз! Быйыл Жалпы республикалык тестирлөөдө канча балл алдыңыз?

— Саламатчылык, чоң рахмат! Быйылкы ЖРТда 234 упай алдым. Бул эң жогорку балл болду. Бул упай менен алдыңкы үчтүкө кирдим. Азыркы убакта кубанычымда чек жок. Өзүм Талас облусундагы "Мээрим-Себат" Талас эл аралык Кыргыз-Түрк кыздар лицейинин бүтүрүүчүсү болом. Ал жакта 7-класстан баштап окугам. Ал эми үй-бүлөдө үч бир туугандын улуусумун.

— Сиз "алтын сертификат" алам деп күттүңүз беле, же бул күтүүсүз келген ийгилик болдубу?

— Жок, мен "алтын сертификат" алам деп максат койгом. Буга мен окуган лицейдин мугалимдери абдан жакшы жардам берди. Себеби, бизде ЖРТга арналган атайын сабактар өтүлүп турчу. Мен алардын колдоосу, көмөгү үчүн ыраазычылык билдирем.

— "Алтын сертификат" алганыңызды сизге биринчи ким сүйүнчүлөдү, кимден уктуңуз?

— Мен "алтын сертификат" алганымды биринчи классташтарымдан уктум. Ал күнү мен өзүмдүн башка жумуштарым менен жүргөм. Интернетим өчүк болчу. Анан эле классташтарым чалып куттуктап баштады. Көрсө, биздин класс жетекчибиз Ватсаптагы группабызга жазып, сүйүнчүлөптүр. Аны менден биринчи кластташтарым окуп, алар мага сүйүнчүлөштү. Анан мугалимим чалып куттуктады. Андан соң мен ата-энеме чалып сүйүнчүлөдүм. Чынында, мен бул жакшы жаңылыкты укканда, бир ишенип, бир ишене албай ушунчалык кубандым. Ал эми ата-энем болсо менин бул ийгилигим үчүн азыр деле кубанып жүрүшөт.

— Жалпы республикалык тестирлөөгө кантип жана канча убакыт даярдандыңыз?

— Мен 10-класстан тарта ЖРТ тууралуу маалыматтарды топтой баштагам. Бирок, толук кандуу 11-класстан баштап даярдандым. Анда бир эле лицейде берген окуу менен чектелбей, тесттин башталаарына 2-3 ай калганда өз алдынча да даярданууга өттүм. Көп убактымды ошого кетирдим.

— Тест учурунда толкундануу сезимдери болдубу?

— Менде Жалпы республикалык тестирлөө башталганга чейин абдан толкундануу сезимдери болду. Бирок, эң жакшысы тестке киргенден кийин мен бардык толкундануу сезимдерин жок кылып, "бул жөн гана тест, ал мага андай деле маанилүү эмес" деп өзүмдү кармадым. Себеби, тест учурунда болгон дараметиңди тестке гана жумшашың керек. Мен ошол тартипти кармаганга аракет кылдым. Мен болгон фокусту тестке бергеним үчүн анын жыйынтыгы жакшы чыкты деп ойлойм.

— Жогорку упай алдыңыз, эми окууну каякта улантайын деп жатасыз? Кыргызстанда каласызбы же чет өлкөдөгү окуу жайларга тапшыруу ниети барбы?

— Мен Кыргызстанда калам. Өзүбүздөгү эле Борбор Азиядагы Америка университети же Эл аралык Ала-Тоо университетинин "Эл аралык мамилелер" факультетине тапшырайын деп ниеттенип жатам. Балким, башка окуу жай деле болуп калышы мүмкүн. Бирок, азырынча ушул эки жогорку окуу жай тандоодо турат. Буюрса өтүп кетсем окуумду бул жакта эле улантам.

— Эмне үчүн "Эл аралык мамилелер" факультетин тандап атасыз жана жогорку окуу жайга өтүүгө "алтын сертификаттын" пайдасы тийет бекен?

— Мен так илимдерге караганда гуманитардык илимдерге абдан жакынмын. Себеби, мага тилдерди окуган, тарыхтарды окуган, социалдык багыттагы жумуштарда иштеген абдан жагат. Өзүмдү да ушул жактан көрө алам. Ата-энемда менин тандоомду сыйлайт. Алар мен өзүм каалаган окууга тапшырып алуумду үмүт кылып жатышат. Бул тармак менин жеке тандоом. Ал эми, албетте, мен тапшыра турган окуу жайларга "алтын сертификаттын" пайдасы тийет экен. Буюрса менде бюджетке өтүү мүмкүнчүлүгү турат.

— Кийинки жылдын бүтүрүүчүлөрү ЖРТ тестте кантип көп балл алса болот, буга кандай кеңеш бересиз?

— ЖРТда жогорку балл алуу үчүн жакшылап даярдануу керек. Буга бир эле мугалимдердин билими менен чектелбей, өз алдынча да окуш керек. Экинчиден, ЖРТга даярдык тесттеринен бат-баттан өтүп туруу зарыл. Окуучу тестти толтуруу эрежелерин да жакшы өздөштүрүп алганы оң. Мен даярдык тесттерден абдан көп жолу өттүм. Ошол себептен, тест учурунда мага кыйынчылык болгон жок. Ага колум көнгөн. Башкалар да ушундай кылса жакшы болот. Себеби, сен энергияны "кантип толтуруп, кантип жазыш керек?" деген жөнү жок суроолорго коротпой, тести толтурганды билсең калган фокусту окууга койосуң. Ошондуктан, алдын ала даярдык тесттеринен канча жолу өтсөң, ошончолук өзүңө жакшы болот. Үчүнчүдөн, убакытты үнөмдөп пайдаланганды үйрөнүү зарыл. Себеби, көп окуучулар, айрыкча математика сабагында эсеп чыгарганда убакытты уттуруп ийишет. Эсепти да убакыт менен чыгарганды үйрөнүп алса, тестте кыйналбайт. Мен деле, алгач биринчи даярдык тесттерине барганда эсеп чыгаргана убактым жетпей калган. Кайра-кайра практика кылып атып, мен аны өздөштүрүп алдым. Демек, убакытты да эсептеп колдонууну сунуштайт элем.

— "ЖРТга даярданбай деле кирсе болот" деген пикирди карманган окуучуларга эмне дейт элеңиз?

— Даярданбай кирүү – бул өтө чоң тобокелчилик. Кээ бир окуучулар жогорку упай эмес, босого баллды алсам эле болду дешет. Ал упайды алыш үчүн тестке таптакыр даярданбай кирүү мүмкүн эмес. Ага да аз да болсо даярдануу зарыл. Ал эми тестке жөн эле кирип, көздү жумуп толтуруп коюп жогорку упай алгандар миллиондун бири эле болсо керек. Ошондо да мүмкүнчүлүк болсо. Андыктан, тобокелге салбай базаны жакшы түптөп, даярданууну сунуштайм. Бул алардын келечеги үчүн керек.

— Элнура, маек бергениңизге рахмат! Ийгилик каалайбыз!

Сиздерге да рахмат!

Жазгүл Мадинова, Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий