• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстанда чоң кишилердин ар бир төртүнчүсү тамеки тартат

Ден соолук 0


Бишкек, 30.05.19 /Кабар/. Кыргызстанда калк ичинде чоң кишилердин 25,4%ы тамеки тартат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, ал сандын ичинен 48,2%ы эркектер болсо, 2,7%ы аялдар. 48,2% – 425 миң 713 чылым чеккен эркек кишини түзөт.

"Кыргызстанда 31-май күнү Дүйнөлүк тамекисиз күнү "Тамеки жана таза өпкө" темасынын алдында белгиленет. Ал кампания тамекинин адамдын ден соолугуна тийгизген терс таасири тууралуу маалымат берүүгө арналган. Иш-чаранын дагы бир максаты, кызыкдар министрлик менен мекемелерди иш-аракетке өтүүгө чакыруу, тамеки чегүүнү азайтуу боюнча натыйжалуу чаралардын керектигине ынандыруу жана тамеки чегүүгө каршы күрөшкө тартуу", - деди ал.

Ал белгилегендей, Кыргызстанда тамеки чегүү менен байланышкан өлүмдөр 35-69 жаштагы эркектер арасында 28%, 70 жаштан улуулар арасында 17% болсо, аялдар арасында 4-5%ды түзөт.

"Кыргызстанда 35-69 жаш арасындагы тамеки чегүү менен байланышкан, негизги жугуштуу эмес оорулардан улам каза табуу түзүмү: 1. өпкө рагы: эркектерде – 344, аялдарда –20; жүрөк-кан тамыр оорулары: эркектерде – 751, аялдарда – 161; өпкөнүн өнөкөт обструкциялык оорулары: эркектерде – 209, аялдарда – 15", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий