• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кыргызстанда Калкты тейлөө борборлорунун иштөө убактысы узартылды

Коом 0

Бишкек, 16.09.24. /Кабар/. Кыргызстанда бүгүндөн тарта өлкө аймагындагы бардык Калкты тейлөө борборлорундагы иштөө графиктери өзгөрүлөт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эми Калкты тейлөө борборлору саат 08:00дөн 18:00гө чейин саат 12:00дөн 13:00гө чейинки түшкү тыныгуу менен иштешет.

"Бул кадам жарандарды тейлөөдөгү ыңгайлуулук менен натыйжалуулукту арттырууга багытталган", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, КТБлар паспортторду берүү, жарандарды каттоо жана ар кандай документтерди тариздөө сыяктуу кеңири мамлекеттик кызматтарды көрсөтөт.

Пикир

Оставить комментарий