Кыргызстанда Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга даярдык иштери активдүү уланууда

Коом 0

Бишкек, 26.06.24. /Кабар/. Кыргызстанда Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга даярдык иштери активдүү уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ГЭСтин курулушуна даярдык иштерин жүргүзүүгө каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн.

Бөлүнгөн каражаттын эсебинен бүгүнкү күндө Камбар-Ата-1 ГЭСинде көпүрө салуу, суунун нугун буруу, туннел казуу, жол салуу жана аны бетондоо, аба чубалгыларын тартуу, көмөк чордонун, жумушчулар үчүн убактылуу лагер куруу иштери аткарылууда.

"Энергетиктердин негизги максаты даярдык иштерин ыкчам бүткөрүү жана ГЭСтин курулушун эртелетүү болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

Бул багытта учурда аткарылып жаткан жумуштар:

  • Бишкек-Ош унаа жолунун 318-чакырымынан №2 Прорезге чейин КАГЭС-1 участкасына кирүүчү жолдунжалпы узундугу 5,6 чакырымды түзөт. Анын ичинен 3,6 чакырым жолдун тротуарынын негизи даярдалып, бетон төшөлдү;
  • траспорттук туннелинин ТТ-2 жалпы узундугу чыгуу порталы менен 1388 метрди түзөт. Учурда бир тарабынан 75 метр, экинчи чыгуу порталы тараптан 11,5 метр казылып бүттү;
  • 110 кВ аба чубалгысы боюнча иштер аткарылып, фазанын жалпы узундугу 4,605 км түзөт, узундугу 27,6 км болгон АЦ-150/24 эки чынжырлуу зымдар тартылды. Мындан тышкары 10 мамыча орнотулган;
  • КАГЭС-1 курулуш объектисинде подстанция ПС-110/6 кВ көмөкчордонду куруу, № 10, 11, 12 жана 13 авто жолдор тилкесинде топурак жана тоо тектерин өздөштүрүү иштери жүрүп жатат;
  • Нарын дарыясынын агымын буруу үчүн дамба (перемычка) орнотуу иштери аткарылып бүттү.
  • Көпүрөнүн курулушу боюнча берилген алдын-ала долбоорлордун негизинде көпүрөнүн таянычтарын даярдоо жана №1,№ 4 таянычтарды орнотуу иштери жүрүп жатат;
  • Курулуш жумушчулары үчүн убактылуу лагердин негизи курулууда.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө жасалып жаткан жумуштар ГЭСтин курулушун баштоону эртелетүү үчүн шарт түзүү масатында активдүү аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий