• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Кыргызстанда камсыздандыруу компанияларынын кирешелеринин өсүү тенденциясы сакталууда

Экономика 0

Бишкек, 21.11.23. /Кабар/. 2023-жылдын башынан бери камсыздандыруу компанияларынын кирешелеринин өсүү тенденциясы сакталууда, деп билдирет Улуттук статистика комитети.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрында республиканын экономикасынын финансы секторунда 15 камсыздандыруу компаниясы ишмердигин жүргүздү. Алардын кирешелери 2022-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 1,5 эсеге өсүп, 2,7 млрд. сомду түздү. Мында кирешелердин жалпы суммасынын 85%дан көбү келип түшкөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эсебинен камсыздалды.

Үстүбүздөгү жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен камсыздандыруу компаниялары тарабынан 354 млн. сомго жакын сальдолоштурулган пайда алынды, бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 86 млн сомго көп.

Жыл башынан бери камсыздандыруу компаниялары тарабынан 326 миңге жакын камсыздандыруу келишимдери түзүлдү. Мында түзүлгөн келишимдердин дээрлик 85%ы жеке жактар менен түзүлгөн келишимдерге туура келди. Ал эми ыктыярдуу камсыздандыруунун үлүшүнө 66%га жакыны туура келди.

2023-жылдын 1-октябрына карата түзүлгөн келишимдер боюнча камсыздандыруу суммасы өткөн жылдын тиешелүү күнүнө салыштырмалуу төрттөн биринен ашык көбөйүү менен 1 346 млрд сомду түздү. Камсыздандыруу суммасынын эң көп көбөйүүсү мүлктү ыктыярдуу камсыздандыруу жана жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу келишимдери боюнча белгиленди.

2023-жылдын январь-сентябрында 2,3 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрү келип түштү, бул өткөн жылдын январь-сентябрына караганда 1,6 эсеге көп.

Жыл башынан бери 9,9 миң камсыздандыруу учуру белгиленди, алардын ичинен 47%га жакыны кокустан болгон кырсыктан жана оорулардан ыктыярдуу жеке камсыздандырууга, 37%га жакыны ыктыярдуу жеке медициналык камсыздандырууга туура келди. Жүргүзүлгөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн негизги суммасы чарба жүргүзүүчү субъекттердин мүлкүн ыктыярдуу камсыздандырууга (228 млн. сом) жана жеке медициналык камсыздандырууга (44 млн. сом) туура келди.

Пикир

Оставить комментарий