Кант өнөр жайынын өндүрүштүк сезондун башталышынан акыркы мезгилге чейинки башкы жаӊылыктары
Кыргызстанда 2024-жылдагы кант кызылчасынын түшүмүн жыйноо, кабыл алуу жана кайра иштетүү улантылууда.
19-ноябрга карата «Кайыӊды-Кант» жана «Кошой» кант заводдору 793,3 миӊ тонна кант кызылчасын кабыл алды. Кызылча ташыган унаалар айдоо талаалардан кызылча кабыл алуу жайларына дээрлик 48 220 миӊ каттамды ишке ашырышты.
Сезондун башталышынан тартып ишканалар 381,1 миӊ тонна кант кызылчасын кайра иштетишти жана 51,2 миӊ тонна кант өндүрүштү.
Кызылча кантын өндүрүү заводдордо 2025-жылдын февраль айына чейин улантылат. Кайра иштетүүчү ишканалардын үзгүлтүксүз иштешин 1500дөн ашык киши камсыз кылат.
Эске салсак, быйыл кант кызылчасы эгилген айдоо жердин аянты 15 миӊ гектарды түздү. Фермерлер 900 миӊ тоннага жакын рекорддук көлөмдөгү түшүм жыйнап алууну көздөп турушат. Божомол боюнча, бул сезондо 120 миӊ тонна кумшекер өндүрүлөт, бул өлкөнүн кантка болгон муктаждыгын 100% камсыз кылат.
Быйыл кант заводдору менен 3 685 фермер келишим түзгөн. Ал эми жалпы кант өндүрүү тармагына 100 миӊдей кыргызстандык тартылган.
Пикир
Оставить комментарий