Кыргызстанда кант кызылчасын жыйноо 98,3% аяктады

Коом 0

Бишкек, 01.12.23. /Кабар/. Кыргызстанда кант кызылчасын жыйноо 98,3% пайызга аяктады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйыл кант кызылчасы 13,1 миң гектарга себилип, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 4,1 миң гектарга же 45,3%га көп.

Кыргызстандын калкынын кантка болгон муктаждыгы жылына 153 миң тоннаны түзөт, бүгүнкү күндө өздүк өндүрүш 64,8% гана жабат, калганы өлкөгө импорттолот.

Акыркы 8 айда канттын экспорту 4906,5 тонна, импорт 36237 тоннаны түздү.

Пикир

Оставить комментарий