• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кыргызстанда кант кызылчасынын түшүмү рекорддук деңгээлге жетүүсү күтүлүүдө

Экономика 0

Бишкек, 13.09.24. /Кабар/. Быйыл Кыргызстанда кант кызылчасынын түшүмү рекорддук деңгээлге жетүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга жагымдуу аба-ырайы, айыл чарбасындагы ресурстарды туура пайдалануу жана фермерлердин аракети өз жемишин берүүдө.

"Республикабыздын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында 2024-жылы республика боюнча 13,5 миң га аянттагы кант кызылчасынан жалпы – 900 миң тонна түшүм күтүлүүдө. Мунун ичинен 110 миң тоннага чейин кумшекер алынып, жалпы калкыбызга керектөөлүүчү 120 миң тонна кумшекердин 92 пайызы камсыздалат", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми Россия, Беларусь, Казакстан мамлекеттеринин базарларында кумшекердин баасынын төмөндөшүнөн республиканын аймагына коңшу мамлекеттерден кумшекерди импорттону токтотуу боюнча маселенин азырынча зарылчылыгы жок. Бирок, кант кызылча өстүргөн дыйкан-фермелерди, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү мамлекеттик колдоо максатында келечекте аталган маселе боюнча кандайдыр бир көйгөй жарала турган болсо кумшекерди импорттону токтотуу боюнча министрлик тарабынан терең анализдер жүргүзүлүп, чечим кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий