• 87
  • 90.43
  • 0.88

Кыргызстанда карантин аяктаганга чейин иштебей турган мекеме-жайлардын тизмеси

COVID - 19 0

Бишкек, 14.04.20. /Кабар/. Республикалык ыкчам штаб Кыргызстанда карантин аяктаганга чейин ачылышы пландалбаган мекеме-жайлардын тизмесин түздү.

Белгилей кетсек, бүгүн президент Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абал тартибин 30-апрелге чейин узартуу боюнча жарлыкка кол койду. Буга чейин өзгөчө абал 25-марттан 15-апрелге чейин киргизилген.

Карантин бүткөнгө чейин ачылышы пландалбаган жайлардын тизмеси:

- балдар бакчалары жана кошумча билим алуу боюнча ар кандай секциялар;

- мектептер, ЖОЖдор, орто окуу жайлары, колледждер, кесиптик окуу жайлар ишин дистанттык режимде улантат;

- оюн-зоок мекемелери, соода-сатык борборлору, дүкөндөр, ири базарлар, барлар, түнкү жана оюн клубдары, театрлар, музейлер жана кинотеатрлар.

Ошол эле учурда азык-түлүк дүкөндөрү жана жашоого керектүү товарлар сатылган базарлар, дарыканалар өз ишин улантат.

Пикир

Оставить комментарий