• 84.24
  • 93.53
  • 0.91

Кыргызстанда “Керемет көч” мультсериалынын каармандары тартылган жаңы почта маркасы чыкты

Коом 0

Бишкек, 01.10.24. /Кабар/. "Кыргыз почтасы" жана ЮНИСЕФ Кыргызстандын Бала укуктары жөнүндө Конвенциясына кошулгандыгынын 30 жылдыгына арналган почта маркасын чыгарышты.

Уюмдун маалыматына ылайык, маркаларда кыргызстандык жаш балдар үчүн чыккан эң алгачкы белгилүү “Керемет көч” мультсериалынын каармандары тартылган.

Почта маркасынын дизайнын белгилүү сүрөтчү жана иллюстратор Татьяна Зеленская иштеп чыккан.

"Бул кооз жана түстүү маркалардын жардамы менен ЮНИСЕФ жана “Кыргыз почтасы” уюштурган атайын дилбаяндар конкурсуна катышууга болот. Мыкты эмгектердин авторлоруна ноутбук, планшет, смартфон жана башка баалуу белектер түрүндө сыйлыктар берилет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий