• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

Кыргызстанда КМШга мүчө мамлекеттердин Дельфий оюндары аяктады – жыйынтыгы

Маданият 0

Бишкек, 10.10.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Бишкекте үстүбүздөгү жылдын 30-сентябрынан 5-октябрына чейин КМШга мүчө мамлекеттердин ачык балдар Дельфий оюндары өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, оюндардын алкагында ар кайсы өлкөлөрдөн келген таланттуу балдар: фортепиано, скрипка, классикалык гитара, сүрөт искусствосу, эстрадалык ырдоо, элдик ырдоо, элдик бий, элдик аспаптар, көркөм кол өнөрчүлүк, ошондой эле жаңдоо тилиндеги ырларды аткаруу жана ди-джейлердин чеберчилиги боюнча ат салышты.

Оюндарга Армения, Беларусь, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Түркмөнстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү катышты.

Номинациялар боюнча жеңүүчүлөр:

Фортепиано 7-9 жаш:
Алтын медаль: Айк Даноян (Армения)
Күмүш медаль: Нуралы Абылкасымов (Кыргызстан)

10-13 жаш:
Алтын медаль: Кирилл Белоцерковский (Беларусь)
Күмүш медаль: Айк Жулакян (Армения)
Коло медаль: Ксения Шегай (Өзбекстан)

Скрипка 7-9 жаш:
Алтын медаль: Михаил Филимонченко (Орусия)
Күмүш медаль: Аделина Абилдинова (Казакстан)
Коло медаль: Милара Тахыржанова (Түркмөнстан)

10-13 жаш:
Алтын медаль: София Шкулепа (Беларусь)
Күмүш медаль: Лия Рубин (Россия)
Коло медаль: Әнел Данияр (Казакстан)

Классикалык гитара 9-11жаш:
Алтын медаль: Яна Ситникова (Кыргызстан)
Күмүш медаль: Светослав Кабардин (Кыргызстан)
Коло медаль: Алексей Хан (Кыргызстан)

12-14 жаш:
Алтын медаль: Полина Тропичева (Кыргызстан)
Күмүш медаль: Ормон Асанбеков (Кыргызстан)
Коло медаль: Амирхан Бердимуратов (Кыргызстан)

Сүрөт искусствосу 7-9 жаш:
Алтын медаль: Илгиз Абылкасымов (Кыргызстан)
Күмүш медаль: Арина Ефимова (Кыргызстан)
Коло медаль: Мария Гукасян (Армения)

10-14 жаш:
Алтын медаль: Екатерина Александрова (Россия)
Күмүш медаль: Айымбу Садыбакасова (Кыргызстан)
Коло медаль: Мухамметнур Яранов (Түркмөнстан)

Эстрада ыры 7-9 жаш:
Алтын медаль: Есения Янкевич (Россия)
Күмүш медаль: Алена Тимошенко (Россия)
Коло медаль: Алан Асанбеков (Кыргызстан)

10-14 жаш:
Алтын медаль: Нуржигит Билисбек (Казакстан)
Күмүш медаль: Павел Зилев (Россия)
Коло медаль: Мырза Сарпашов (Кыргызстан)

Элдик бийлер 7-10 жаш:
Алтын медаль: «Профарт» бий студиясы (Армения)
Күмүш медаль: «Шаттык» хореографиялык ансамбли (Кыргызстан)
Коло медаль: «Жассарбаз» бий тобу (Казакстан)

11-14 жаш:
Алтын медаль: "Сибирь оймо-чиймелери" элдик бий ансамбли (Россия)
Күмүш медаль: "Сузор ' е" бий ансамбли (Беларусь)
Коло медаль: "Шаттык" ансамбли (Кыргызстан)

Элдик ырдоо 7-10 жаш:
Алтын медаль: Богдана Филиппович (Беларусь)
Күмүш медаль: Арина Хабенко (Россия)
Коло медаль: Эмба Әмір Нұрболатұлы (Казакстан)

11-14 жаш:
Алтын медаль: Лайли Джепбарова (Түркмөнстан)
Күмүш медаль: Калия Чубакова (Кыргызстан)
Коло медаль: АнастасияМельник (Россия)

Ди-джей 14-17 жаш:
Алтын медаль: Левон Арутюнян (Кыргызстан)
Күмүш медаль: Иван Архипов (Кыргызстан)
Коло медаль: Карина Купцова (Кыргызстан)

Элдик аспаптар 7-9 жаш:
Алтын медаль: Муслим Жанарбеков (Кыргызстан)
Күмүш медаль: Кобилжон Юлдашев (Өзбекстан)
Коло медаль: Айим Бекмуратова (Кыргызстан)

10-14 жаш:
Алтын медаль: Мари Вартанян (Армения)
Күмүш медаль: Петр Межаков (Россия)
Коло медаль: Семен Кузнецов ( Россия)

Көркөм кол өнөрчүлүк 14-17 жаш:
Алтын медаль: Мария Кузьмин (Россия)
Күмүш медаль: Айбийке Жумабекова (Кыргызстан)
Коло медаль: Анель Рысбек (Казакстан)

Жаңдоо тилинде ыр ырдоо 10-14 жаш:
Алтын медаль: Ламина Шегебаева (Казакстан)
Күмүш медаль: Акерке Токберген (Казакстан)
Коло медаль: Айнура Ачилова (Казакстан)

Пикир

Оставить комментарий