• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кыргызстанда Казакстан жана Россияга салыштырмалуу азык-түлүктүн баасы арзан

Экономика 0

Бишкек, 09.09.2024 /Кабар/. Кыргызстанда коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу азык-түлүктүн баасы арзан. Бул Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан 4-сентябрга карата Россия, Казакстан сыяктуу чет өлкөлөрдө азык-түлүк продуктыларына болгон бааларга салыштырмалуу мониторингдин жыйынтыгында белгилүү болду.

Мониторингдин жыйынтыгында Кыргызстандын салыштырууга алынган шаарларында азык-түлүк продуктыларына болгон баа коңшу Казакстандын базар бааларынан 13,59%га жана Россиядан 16,17% га төмөн экендиги аныкталды.

Эске салсак, өткөн аптага салыштырмалуу Кыргызстандын салыштырууга алынган шаарларынын азык-түлүк продуктыларына болгон баа 1,86% га жогорууласа, коңшу Казакстанда базар баалары 1,05% га, ал эми Россияда 0,08 %га жогрулагандыгы байкалды. Мисалы:

  • Бишкек шаарынын ички рыногунда продуктылардын баалары каймак майы 15 сомго, уй эти 60 сомго, тоок жумурткасы 5 сомго жогорулаган:
  • Ош шаарында пастерленген уй эти 10 сомго, кой эти 35 сомго жогоруулаган:
  • Каракол шаарында азык-түлүккө болгон баа туруктуу жана бир аптанын ичинде өзгөрүүлөр байкалган жок.

Казакстандын төмөнкү шаарларындагы бааларга мониторинг жүргүзүлгөн:

  • Актөбө облусундагы азык-түлүкө болгон баалар пастерленген сүткө жана уй этине баа жогорулагандыгы байкалган;
  • Костонай облусунда макарон 1 сомго, сабиз 1 сомго жана картөшкө 1 сомго жогорулаган;
  • Карагандада азык-түлүктүн баасы туруктуу, уй эти 5 сомго жогорулаган.

Ал эми Россиянын:

  • Тюмень облусунда нандын баасы 1 сомго жогорулаган;
  • Саратов облусунда тоок жумурткасы 2 сомго жогорулаган;
  • Красноярск облусунда макарон, кумшекер, рожки сыяктуу продуктыларына 2 сомго жогорулаган.

Пикир

Оставить комментарий