• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кыргызстанда койду жасалма уруктандыруу аркылуу 6 миңден ашуун асыл тукум төл алынды

Коом 0

Бишкек, 18.09.24. /Кабар/. Кырргызстанда 2023-жылы 6 190 баш кой жасалма уруктандыруу аркылуу быйыл 6 247 баш асыл тукул төл алынды. Бул тууралуу Су ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, муну менен куудурулган койдун төлдүүлүгү 101%ды түздү. Анын ичинен:

  • меринос уругунан 4650 төл алынып, 74,4%ды;
  • арашан уругунан 972 баш төл алынып, 15,56%ды;
  • тянь-шань уругундагы койдон 450 баш төл алынып, 7,3%ды;
  • алай уругундагы койдон 202 баш төл алынып, 3,23%ды түздү.

Койлор белгилүү бир жыныстык өнөктүктө куудурулат. Ал сентябрь айынан декабрь айына туура келет. Ал эми 2024-жылы койлордун куут өнөктүгүнө карап, жасалма уруктандыруу октябрь айынан башталат.

Айыл чарба министрлигинин Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаменти USAID уюму жана "Кыргыз жүн" ассоциациясы менен биргеликте Кыргызстанга Россиядан койлордун жасалма уруктандыруусу үчүн 40 комплект керектүү шаймандар сатып алды. Алар 2024-жылдын куут өнөктүгүнө техник-уруктандыруучуларга таркатылат.

Белгилей кетсек, Асыл тукум мал чарба департаменти койлорду жасалма жол менен уруктандыруу боюнча техник-уруктандыруучуларды даярдоо үчүн окуу курстарын уюштурууну пландоодо.

Негизинен койлорду жасалма жол менен уруктандыруу чарбада койлордон көп санда сапаттуу төл алуу үчүн колдонулат. Кыргызстанда койлорду сандан сапатка өткөрүү боюнча Асыл тукум мал чарба департаменти тарабынан колдоо көрсөтүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий