• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Кыргызстанда коронавирус 102 баладан аныкталган, көбүндө оорунун симптомдору жок

COVID - 19 0

Бишкек, 01.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус 15 жашка чейинки 102 баладан аныкталган, алардын ичинен бешөө бир жашка чейинки наристе. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын маалыматына таянсак, бардык балдар ооруканага жаткырылган. "Абалы көпчүлүк учурларда канааттандырарлык (симптомдору жок), жеңил жана орточо оор абалда болууда. Бүгүнкү күнгө карата 59 бала үйүнө чыгарылды", - деп билдирди ал.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, коронавирус жуктурган 756 бейтаптын 406 - аял, 350 - эркектер.

Белгилей кетсек, 1-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы 10 учур аныкталып, өлкө боюнча COVID-19 вирусун жуктуруунун 756 учуру катталды. Алардын 198и медицина кызматкерлери. Стационарда 244 адам, алардын ичинен бешөө реанимацияда жатат. 504 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Сегиз адам каза тапты.

Пикир

Оставить комментарий