• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 1 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 05.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 1 бейтап каза болду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, каза болгон эркек киши 69 жашта болгон. Анын өнөкөт оорулары бар болгон.

"Ал ооруканага кайрылганда пневмония диагнозу коюлган экен. Дарылоо жыйынтык бербегендиктен 4-май күнү Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасына которулган. Андан анализдер алынып, коронавирус болгон текшерүү анда оору бар экенин көрсөткөн. Дарылоо иштерине карабай, ал бейтап каза болду", - деди ал.

Ал белгилегендей, бейтаптын кызы №3 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштеп, анын анализдери оору жок экенин көрсөтүп жаткан.

"Ал оору жуктурган адам менен байланышта болуп калган. Кызы №3 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштеп, ал жерде текшерилип турган. Анын анализдери оору жок экенин көрсөтүп жаткан. Ал вирус кандайдыр бир жол менен бейтапка чейин жеткен", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 5-майга карата коронавирус жуктурган 13 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 843тү түзөт. Алардын ичинен 600 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 11 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий