• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө 3 этап менен жүргүзүлөт

COVID - 19 0

Бишкек, 22.01.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө 3 этап менен жүргүзүлөт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Алымкадыр Бейшеналиев брифингде билдирди.

Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан калкты этап менен эмдөө планы даярдалып, тийиштүү эсеп жүргүзүлүү менен Каржы министрлигине өткөрүлүп берилди.

"1-этапта дарыгерлерди, 2-этапта калктын аярлуу катмарын эмдөө жүргүзүлөт. Профилактикалык эмдөөлөрдүн 1 жана 3-этабын жүргүзүүгө сарпталуучу каражаттын суммасы 226 млн сомду түзөт. Тобокел тобундагы 371 миң адам эмделет. 2-этапта "Ковакс" программасынын алкагында тобокел тобундагы 1 млн 200 миң адамга эмдөө жүргүзүүгө вакцинаны 9 түрүн сунуштоодо. Кыргызстан алардын натыйжалуулугуна карап, тандап алат", - дейт ал.

Эскерте кетсек, буга чейин Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы вакцинаны биринчилерден болуп сынап көрүүгө даяр экендигин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий