• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Кыргызстанда кошумча энергетикалык кубаттуулуктар тездик менен ишке киргизилүүдө

Аналитика 0

Президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин алдына жакынкы жылдары Кыргызстан толук энергетикалык көз карандысыздыкка жетиши керек деген талабын койду. Министрлер кабинети талапты аткарууну убадалады. Ошондой эле биздин өлкө ички керектөөнү жана жылдан жылга өсүп жаткан суроо-талапты гана камсыз кылбастан, 2025-жылдан тартып электр энергиясын экспортоого өтүшү керек деген талап коюлган.

Бийлик энергетика тармагын СССР тарагандан кийин 30 жылдан ашык убакыттан бери дээрлик кома абалынан алып чыгууга жетишти. Акыркы үч жылда система кайра жанданды жана ишенимдүү каржы булактары менен бекемделген олуттуу өнүктүрүү жана бекемдөө пландары бар.

Абалды акыркы мисалдар менен карап көрөлү. Эки жыл мурун, ал тургай былтыркы катаал кышта эле мезгил-мезгили өчүрүүлөр боло турганын, электр энергиясынын кескин жетишсиздиги жана тармактагы тынымсыз бузуулар менен чочутушкан. Жарык бат-баттан өчүп, чыңалуу, электр энергиясын ашыкча колдонуудан улам трансформатаорлордун өрттөнүүсү сыяктуу ар кандай окуялар болду.

Ал эми быйыл абал таптакыр башкача. Саясат таануучу Бакыт Бакетаев элдер жакшыга бат көнүшөрүн, Жылуу электр борбору иштебей токтоп калганда отко жылынганын унутуп, шам, чырак жана фонариктер менен отруп калышканын белгилейт. Эксперт белгилегендей, энергетика системасынын учурдагы ишинин туруктуулугу адистердин жана катардагы жумушчулардын күжүрмөн эмгеги, өлкөгө тартылган инвестиция жана кошумча кубаттуулуктарды тездетип ишке киргизүү менен камсыздалууда.

“Эч кандай өчүрүүлөр болгон жок жана бузулуулар кескин кыскарды. Мен муну элдин баары байкады болуш керек деп ойлойм. Мен Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан иштерди тамчылатып суугаруу менен салыштырат элем: алар фидерлерди алмаштыруу жолу менен керектүү электр энергиясын зарыл болгон жерге гана беришет. Мен бул жылуу аба ырайына гана байланыштуу эмес экенин белгилегим келет. Кеп президент Садыр Жапаровдун бийликке келиши менен Энергетика министрлиги активдүү иштеп, чакан энергетиканы өнүктүрүүгө киришкенинде. 2023-жылы Баткен, Чүй, Талас, Ош жана Жалал-Абад облустарында бир катар чакан ГЭСтер пайдаланууга берилди. Бул бизге олуттуу кошумча кубатуулук берди. Ошонун эсебинен биз Токтогул суу сактагычындагы суунун агып чыгышын кыскарта алдык”, - деди Бакетаев.

Быйыл дагы бир катар чакан ГЭСтердин курулушу бүтүп, мамлекеттик электр тармагын чыңалуу менен камсыздайт, орто көлөмдөгү ГЭСтер ишке киргизилип, курулуп жаткандары дагы бар. Мисалы, Куланакты алалы, ал республикадагы электр энергиясынын таңкыстыгын 18%га жабат, ал эми анын платинасынын аркасында Нарын облусунда дагы бир нече миң гектар сугат жерлер пайда болот. Ал эми мындай ондогон долбоорлор азыр Кыргызстанда салттуу ГЭСтерден тарта шамал жана күн электр станцияларына чейин ишке ашырылууда.

Бул сыяктуу амбициялуу пландар жана долбоорлор тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Экинчи элдик курултайда айтып берди: “2023-жылы 71 МВт кубаттуулуктагы 5 чакан ГЭС, күн электр станциясы жана Токтогул ГЭСинин экинчи гидроагрегаты пайдаланууга берилди. 2024-жылы кубатуулук 178 МВт өсөт, атап айтканда, 25 чакан ГЭС ишке жана Токтогул ГЭСинин дагы бир агрегаты пайдаланууга берилет. Кийинки жылы 700 МВт кубаттуулуктагы күн электрстанциясы, Талас облусундагы 5 МВт кубатуулуктагы Бала-Саруу ГЭСи ишке берилет”.

Бүгүнкү күндө эксперттер Кыргызстандын энергетика системасынын туруктуулугуна жана өкмөттүн ишмердүүлүгүнө баа берип жатып пландаштырылган бардык долбоорлор ишке ашып, өлкөнүн кичи жана орто энергетика тармагы жаңы деңгээлге көтөрүлөрүнөн күмөн санашпайт.

Жакында эле Энергетика министрлиги менен кытайлык China National Electric Engineering компаниясы Суусамыр – Көкөмерен каскадын куруу тууралуу меморандумуна кол койду. Долбоордо үч ГЭСти – Каракөл, Көкөмерен 1 жана 2 ГЭСтерин ишке киргизүү каралган, алар жылына 3,3 млрд кВт/саат жана жалпы кубаттуулугу 1 миң 305 мегаватт түзөт. Кошумчалай кетсек, келишим Кара-Кече кенинде долбоордук кубаттуулугу 600 мегаватт болгон ЖЭБдин курулушун камтыйт.

Ал эми Кыргызстан үчүн энергетика тармагындагы башкы долбоор албетте “Камбар-Ата-1” ГЭСи. Президент Садыр Жапаров аны ишке ашыруунун маанилүүлүгү жана аны тездетүү боюнча бийлик тарабынан жасалып жаткан аракеттер тууралуу жакында “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде айтты.

"Биз кайсы долбоор, кандай шартта, качан өзүн-өзү актай турганын так эсептеп чыктык. Азыр биз "жети өлчөп, бир кес" деген принцип менен иштеп жатабыз. Бир эле мисал келтирейин. "Камбар-Ата-1" ГЭСин курууга карыз алууга даярбыз. Жакында алабыз. Эгер "Камбар-Ата-1" ГЭСи бүтсө, өзүн 12-13 жылда эле актайт. Андан кийин "Токтогул" ГЭСи сыяктуу өмүр бою мамлекетке пайда алып келет", - деген мамлекет башчысы.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев ЖМКларга маек куруп, "Камбар-Ата-1" ГЭСинин айрым параметрлери тууралуу айтып берген. Анын айтымында, станциянын кубаттуулугу Токтогул ГЭСинен ашып, 1860 мегаватты түзөт. Ал жыл сайын 5,6 млрд кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгат. Камбар-Ата-1 ГЭСинин суу сактагычы 5,4 млрд кубметрди түзөт. Бул өтө маанилүү жагдай, анткени Токтогул ГЭСи менен каскадда иштөө кышында суунун ашыкча агып чыгуусун азайтат. Ошентип, суу аз болгон мезгилде дагы жаз-жай айларында айыл чарба жерлерин айдоо учун зарыл болгон нымдуулукту топтой алабыз. Ал эми бул азыртадан эле азык-түлүк коопсуздугу маселеси жана бул бизге эле эмес, биздин коңшуларыбыз – Өзбекстан менен Казакстанга да тиешелүү.

Ошентип, бир нече жылдын ичинде Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздап, экспорттук мүмкүнчүлүктү өнүктүрүүгө киришүү жөнүндөгү кептер жүзөгө ашырыла баштады. Тармак активдуу өнүгүп жатат, анын реалдуу мүмкүнчүлүктөрү дагы кеңейүүдө

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий